Азап көрсөткөн күйөөм эми эркектик милдетин да аткара албай калды

Азап көрсөткөн күйөөм эми эркектик милдетин да аткара албай калды

25-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Саламатсыздарбы, жолдошум экөөбүздүн жашыбыз элүүдөн өтүп, алтымышка жакындап калды. Мен өзүмдү аял катары бактысызмын деп эсептейм. Ортодо беш балалуу болдук. Алды үй-жай күтүп, неберелерибиз бар. Бирок өкүнгөнүм жолдошум экөөбүздүн ортобузда таттуу мамиле, жылуулук жок, көңүлүм калган. Жаңы келин болуп келген күндөн көп өтпөй эле уруп, кызганып мээмди жеп келди. Азыр балдар чоңойгону урбай калды, бирок кажыганы токтобойт. Базарга барып азык-түлүк алып же мончого барып жуунуп келгиче ызы-чуу чыгарып жиберет. Өмүр бою ушул адаты кууратты. Ар нерсени ойлоп, анысына кайра өзү ишенип алып эле кызганып уруш чыгарчу. Ашыкча кызгануу да психологиялык оору экенине көзүм жеткен. Жок жерден далай токмок жедим. Же эркекке алың жетпесе, өмүр бою чогулган ызаң жек көрүүгө айланат экен. Азыр күйөөмдү көргүм келбейт. Жашында өзү ойноп келип, мени кызганып конокко да ээрчитчү эмес. Аяштар менен барып калсак, кайра үйгө келгенде уруп же таң атканча ар нерсени айтып мээмди жеп чыкчу. Ошондон кийин өзүм деле баргыс болгом.
Ошентип, кудайдын жазасы болдубу, билбейм, 50 жашында эле эркек катары төшөктө жарабай калды. Жети жылдан бери эки башка жатабыз. Бирок көңүлүм калып, жаман көрсөм да тамагын жасап, кийимин жууп, төшөктөрүн иреттеп, душун даярдап кадимкидей карайм. Азыр да мээмди жеп мыңкылдап сүйлөй берет, тили да жаман. Келиндерден уялып, эки уул-келинимди бөлүп жибергем. Азыр үйдө бойго жеткен уулум менен кызым бар. Балдардын деле мындай атадан көңүлү калып калат экен. Кээде балам «ата, болдучу, апамды куураттың го» деп айтат. Кызым атасы менен ашыкча сүйлөшпөйт.
Менин да ден соолугумду талкалап бүткөн. Ооруканага бир жылда бир жатып дарыланып турам. Кээде отуруп эмнеге мынча өзүмдү кор кылдым дейм. Кыздарыма жаман эркекке өмүрүңөрдү коротпогула деп үйрөтөм.
Жолдошум экөөбүз сүйлөшө келсек эле уруша кетебиз. Кээде ушул кишинин кебетесин көрбөш үчүн алыс бир жакка барып келгим келет. Азыр анын ден соолугу жакшы эмес болуп үйдөн чыкпай калган, ансайын мени аңдыйт. Көр жеме эркектен тажадым.
Күйөөмдү жаман көрөм, бирок айла жок. Алаксыгым келет, калган өмүрүмдү өзүм үчүн бир аз жакшы өткөрсөм дейм. Ушунчалык чарчадым…
Спутник.кж