Саясат

Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши маанилүүбү?

Акыркы жылдары Москвада жашап жүргөн Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экенин кыйытты. Айрым гана саясый күчтөр, же Бакиевдин, Атамбаевдин жактоочулары экс-президент Акаевдин мекенине кайтышына каршылык билдиришпесе, дээрлик коомчулуктун басымдуу бөлүгү жумшак маанайда болушууда. Анын келиши өлкөнүн саясый турмушуна канчалык таасир этет? Бул туурасында айрым саясатчы, эксперттерге кайрылдык.
Эмилбек Каптагаев, экс-губернатор:
– Келип, эл алдында, сот алдында жооп бергени туура эле болот, күнөөсүн моюнга алып. Ал эми жөн эле «сүттөн акмын» деп шаңырандай берсе жаңылышат, катуу сынып калышы мүмкүн. Нааразычылык толкунунан унутулган жок да эч нерсе.
Ага кылмыш иши козголгон эмес. 2010-жылы кол тийбестиги алынып салынган, келсе дароо эле суракка чакырып, анан кылмыш иштерин козгоого мүмкүнчүлүк бар. Башкы прокуратура “суроолорубуз көп” деп атышты эле го, ошол суроолорго жооп берүүсү зарыл.
Токойбек Тентеков, серепчи:
– Биз убакыт өткөндөн кийин кимдин ким экенине ынана баштадык. 2005-жылы Акаев тынчтык жолу менен бийлигин таштап, эч кан төкпөстөн сыртка чыгып кеткен. Эгемендүүлүк жылдардан тарта Акаевдин мамлекет үчүн жасаган алгылыктуу иштери арбын. Бул жаатта сөз көп. Башка экс-президенттерге караганда ал эли-жерине чындап иштеп бергени, реформаларды жасаганы айкын, калыстык үчүн айтып коюш керек. Кийин гана кызы, уулу 2005-жылдагы парламенттик шайлоого аралашып, кырдаалды курчутуп жиберишкен…
Негизинен алганда, Акаевдин Кыргызстанга келип, калган өмүрүн, билимин, тажрыйбасын элибизге арнаса эмнеге болбосун? Саясатка аралашпай деле жакшылык жаратса болот да. Жолдору көп…
Бегалы Наргозуев, экс-депутат:
– “Акаевди эмнеге алып келип камабайсыңар?” деп кыйкыргандар эми “Акаевди эмнеге алып келгени жатасыңар?”деп кыйкырып жатышат. Коомдо жалаң демагогдор толуп алышкан. Менин оюмча, Акаев иш жүзүндө Бабанов сыяктуу келе бериши керек. Келип, тууган-уругу менен учурашып алгандан кийин анан УКМК менен финполицияга суракка чакыра башташ керек. Эгер уурдаганы далилденсе, Өзбекстан азыр Гүлнара Каримованын Швейцария, АКШ, Франция банктарындагы акчаларын «тоңдуруп», Өзбекстанга кайтарып жаткандай, биз да Кыргызстанга Акаевдин акчаларын кайтарышыбыз зарыл. Азыр кыйкырып жүргөн жаш-кары демагогдорду укпаш керек.
– Акаевдин келиши өлкөдөгү стабилдүүлүккө таасирин тийгизбейби?
– “Акаев келбесин!” деп кыйкырып жаткан демагогдор ал келгенден кийин аны колдоп чыгып, стабилдүүлүк бузулбаса керек. Колдоочулары көп деле эмес го…
Бекболот Таргарбеков, коомдук ишмер:
– Менин жеке пикирим боюнча саясый абалга эч кандай таасир тийгизбейт. Себеби, ал кишинин саясаттан кеткенине 14 жылдай убакыт болуп калды. Ошон үчүн ал келсе саясат менен эч кандай аракеттенбейт. Келгенде балким менин билишимче, агаларына куран окутат. Өткөн бийлик тушунда эки агасына топурак салалбай өкүнүчтө калды. Ал Москвада иштеп жатат. Кайра эле өз иштерине кетет. Саясатка эч кандай таасири болбойт.
– Балким, келгенде УКМК кызматкерлери тосуп алсачы?
– Суракка чакырууга эч негиз жок. Себеби дегенде, ага козголгон эч кандай кылмыш иши жок. Экинчиден, сурай турган болсо жооп берүүдөн эч баш тартпайт. Келсе эле кылмыш ишин козгой коюшса, анда бул жасалма болуп калат. Анын келишинен эч кандай тоскоолдук көрө алган жокмун.
Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер министр:
– Мен ал кишинин келишине туура эле көз караштамын. Келсе туура эле кадам болот. Жалпысынан ал кишинин кыргыз элинин алдында күнөөсү деле жок. Кетирген каталарынын баары аялы Майрамга байланыштуу. «Акаев келсе биз уруксат беришибиз керек» деп мен өткөн жылы эле айткам. Ага козголгон кылмыш иши деле жок. Жөн эле коркпой келсе болот. Азыр элдин көбү эле анын келишин колдогондой болуп турат. Азыркы кырдаалга эч кандай тийешеси жок. Пайдасы да, зыяны да жок. Азыркы кырдаал Аскар Акаев менен кандайдыр бир байланышы, учугу болсо дагы, мен баары бир келиш керек деп ойлойм. 14 жылы Москвада өттү. Кандай болгон күндө да келчү убактысы келди.
Керим Мурас
Булак: «Азия ньюс»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *