Аскар Акаев: «Биз карыздарды тез арада төлөө жолдорун билчүбүз»
08-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу Кыргызстанга чоң карыз таштап кетти деген сөздөргө жооп берди:
“Мени “Кыргызстанга чоң карыз таштап кетти” деп күнөөлөгөндөр бар. Макул, муну тактап алалы. Мен өлкөбүз эгемендүү мамлекет катары алгачкы кадамдарын жасап жатканда президент болдум. Белгилүү болгондой, бизде нефть да, газ да, токой да жок. Бирок биз буга нааразы болгон жокпуз. Биз сабаттуу экономикалык саясаттын аркасында жаңы Кыргызстанды кургубуз келген. Бирок ага түрткү керек болду. Бардык бизнеске баштапкы капитал керек болгондой, биз дагы каражат жагынан муктаж элек. Ошондуктан, биз баарын эсептеп чыгып, эл аралык каржы уюмдарына кайрылдык. Механизм ишке киргенден кийин бардыгын толук беребиз деп ишенгенбиз.
Ошентип, калыптануунун эң кыйын жылдарында жалпысынан 1 миллиард 800 миллион долларга жакын карыз алып, акырындан төлөй баштадык. Ал эми 2001 -жылы алар карызды реструктуризациялоо үчүн атайын топ түздүк. Аталган топ профессионалдуу финансисттер менен экономисттерден турган. Аны финансы тармагындагы укмуштуу адис, президенттик администрациянын экономика бөлүмүнүн башчысы Төрөмырзаев жетектеген. Топко менин балам Айдар да кошулду. Ал Мэриленд университетин эл аралык экономика жана финансы адистиги боюнча окуусун жаңы эле бүтүргөн. Мага анын билими кредиторлор менен иштөөдө жардам берчүдөй сезилди. Биринчиден, анын адистиги эл аралык финансы болчу, экинчиден, ал англис тилин жана карыз тууралуу абдан жакшы билчү.
Эл аралык кредиторлор клубу Парижде жайгашкандыктан жана сүйлөшүүлөрдүн көбү ошол жерде өткөндүктөн, биздин делегацияны кыргыз мушкетёрлорунун командасы деп аташчу. Алардын баары жогорку профессионалдар болчу. Биздин сүйлөшүүчүлөрдүн ишинин натыйжасында 2005 -жылга карата биз чоң ийгиликтерге жетише алдык. Бизден 550 миллион доллар кечишти. Чоң сумма! Жалпы карызыбыздын дээрлик үчтөн бир бөлүгү! Бирок мен муну менен эле токтоп калган жокмун. Президент болуп иштеген жылдарымдын соңунда, өкмөт менен республикага дагы 550 миллион доллар бөлүүгө жетиштик. Алтын валюталык резерв катары алар Вашингтондогу АКШнын резервдик банкында сакталган. Акыркы центке чейин улуттук банкта эсепке алынган.
Натыйжада өлкөнүн 700 миллион доллар гана карызы болгон. А мен аларды кредиторлорго кантип кайтарууну билчүмүн. Бирок, тагдыр мага муну буюрубаптыр. Эми салыштырып көргүлө кийинки 15 жылдын ичинде кыргыз башкаруучулары 4 миллиард доллардан ашык карыз алышкан, ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиардга жакын. 2005-жылга чейин биз бюджеттин тартыштыгын сактоого аракет кылдык. Ал эми бизде өнүгүүгө акча калган учурлар болгон. Албетте, жетишсиз жылдар болду. Бирок бир пайыздан ашпайт. Жалпы тартыштык 3 пайыздан ашпаса, туруктуу экономикалык өсүш үчүн коопсуз деп эсептелет. Бирок 2005 -жылдан кийин тартыштык өсө баштады. 2007-жылы бул көрсөткүч 3 пайыз болду. Башкача айтканда, чекке жеткен. 2010 -жылы бул көрсөткүч 5 пайыздан ашкан. Өлкө өнүгүүгө эч нерсе калтырбай, акчаны жей баштады. Барган сайын кризиске баткан. 2010 -жылдан кийин көрсөткүчтөр 8ден 16 пайызга чейин жеткен. Бул маалыматты Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктан карап көрсө болот.
Жаңы президент Жапаровго оор мурас калды. Өлкөнүн 5 миллиард доллар тышкы карызы бар. Ал эми 3 миллиард ички карыз. Эми салыштырып көргүлө. Мен президенттиктен кеткен убакта карыз болгону 770 миллион болчу. А биз аны тез арада төлөө жолдорун билчүбүз. Акыркы 15 жылдык компетенттүү эмес бийликтин натыйжасында болгон бул кыйроо менен жаңы Өкмөткө туруштук берүүсүн чын дилимден каалайм. Ал эми мени Кыргызстанга эбегейсиз карыз калтырганымды финансыны түшүнбөгөн жана ишенимдүү маалыматка ээ эмес адам гана айта алат”, — дейт ал өз билдирүүсүндө.
Булак: