Коом

“Апамдын сүйгөнү бар, атам да ошон үчүн инсульт болуп жыгылды”

Окуп, көздөн жаш тегеренип кетти. Чет жерде иштеп жүргөндөр бул абалды жакшы түшүнүшөт.

Түнү менен жаштыктын доорун сүргөнбү, же уйкусу канбай жүрөбү, а балким түнкү нөөмөттө иштейби, ким билсин? Айтор, маңдайымдагы орундукта отурган өспүрүм улам уктап-ойгонуп бара жатат метродо. Кийген кийими тыкан, таза, жарашыктуу, колунда желим бөтөлкөгө куюлган липтон чайы, рюкзак кучагында. Баамымда, жашы жыйырма бештен ашпайт. Бир убакта үндөшмөсүнө чакыруу келди (кыргызча обон: А.Жайнаковдун обонуна, Т.Байзаковдун калемине таандык баарыбызга белгилүү “Кыргыз жери”). Мукамдуу обон… Үндөшмөдө кыска сүйлөштү, акыркы сүйлөмдү гана уктум: “Метродон чыгып чалам”. Байланыш үзүлөрү менен жанагы уйкучунун көздөрүнөн жаш кетти… Байкашымча, ызасы ичине батпай калды, бир энтигип алды, эриндерин бекем тиштегени менен көз жашы жаак ылдый агып жатты…

Ушул учурда жигиттин жүзүнө бир үңүлүп, орундуктан туруп, түшүүгө камданган жашы бир топ улуу орус кемпирдин ордуна өттүм, ал тиги жигиттин оң капталында эле.

— Жакшы элесиңби? Ата-энеңди сагындыңбы? ..

— Ыйлагым келди, эмне үчүн тагдырым ушундай?..

— Тур, түшөлү, сыртка чыгабыз…

Үн катпай мени ээрчип жөнөдү, метродон сыртка чыктык. Менин ал-жай сураганым бошотуп жибердиби, же өзү толуп турганбы, айтор, бир топко ыйлады. Бул көрүнүштү мен жазып сүрөттөй албайм.

— Атам инсульт алган, бир жак капталы иштебейт, бир жыл болду. Өз алдынча тамактана албайт, апам карайт эле. Алты айдан бери өзгөрүп кетти, мен да кыйналдым. Алты айда төрт жүз миң акча салдым (иним экөөбүз иштедик). Эжем турмушка чыккан, алар да Москвада. Апам эжеме чалыптыр, “атаңды алып кет, кара” деп.

— Сен өзүң канчадасың?

— Жыйырма үчт.

— Апаң да кыйналгандыр да, оорулууну кароо оңой эмес, балам…

— Атам үчүн кыйналса любой нерсеге даяр элем. Анын башка сүйгөнү бар…

Атам да ошон үчүн жыгылды, эми анысын үйгө киргизип алыптыр.

— Сага ким айтты аны?

— “Кыйналдым” дегенинен инимди жөнөткөнбүз. Бир айдан бери чогуу экен анысы менен… Атама колдоо керек болчу, иним апамдын сүйгөнүн уруптур. Апам баласын үйдөн кууп чыгыптыр. Азыр апам чалды, “иниңди жаныңа чакыр, атаңарды баккыла” деп.

— Ммм… Курсагың токпу?

— …

— Жүр, чай ичели…

— Болгону эки миң бар эле, аны да уурдатып койдум… Күндүзү өз жумушумда, түнкүсүн кошумча иш төрт айдан бери. Тапканымды үйгө салып жаттым. Атамды сагындым, ооруй электе күндө вотсаптан чалып турат эле, “оку, ошол жактан оку, билим ал” деп көп айтты эле…

Жигит ыйлап жатты. Жаш баладай энтигип, улутунуп ыйлап жатты. “Мага берген акыркы белеги” деп кучагындагы рюкзакты жыттап алып ыйлап жатты… Өзүмдү араң кармадым.

Саат сегиз… Бир-эки самса менен колуна беш жүз карматып, шашып басып кеттим. Капчыгымда болгону ошол эле. Көпкө турсам мен да жашымакмын… Көп сөз болду, аларды жазууга дараметим жетпеди. Тамчылагаган жамгырды көз жашым коштоп, жолум уладым… (Аты Нурбакыт экен, жерлигин сурабаптырмын).

Ата-энелер! Силер үчүн перзент деген ким?

Азизбек Асабала

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *