Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти…

Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти…

29-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

ЖКнын депутаттары саламаттыкты  сактоо жана социалдык өнүктүрүү  министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу чечимин чыгарды.
Акыркы окуяларга байланыштуу депутаттар министрди маалымат алуу үчүн аны жыйынга чакырышкан, бирок ал жумушум көп деп келбей койгон, ошодон улам эл өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратты
Кечээ, Бейшеналиевди кызматтан  алуу сунушу сессияда каралып, анда 81 депутат макулдугун билдирип, 8 каршы добушун берген.
Бул сунушка саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев  макул эместигин билдирип, президент менен премьер-министр гана кызматтан кетире алат деп жергиликтүү басылмаларга билдирүү жасаган.
Булак: argument.kg