«Ала качуу » кыска метраждуу тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүп жатат

«Ала качуу » кыска метраждуу тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүп жатат

24-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргызстанда тартылган “Ала качуу – Take and Run” кыска метраждуу тасмасы Америка киноакадемиясынын “Мыкты кыска метраждуу фантастикалык фильм” номинациясынын шорт-листинин тизмегине кирди.

Киносыйлыктын расмий сайтында маалымдалгандай, немис режиссёру Мария Брендлдин бул тасмасы 140 тан ашык тасманын ичинен тандалып, эңсеген статуэтка үчүн ат салышкан финалисттердин катарына кирген.

Тасма өзү 2019-жылдын август жана сентябрь айларында Кыргызстанда тартылган. Узактыгы 38 мүнөт 21 секундду түзөт. Премьерасы 2020-жылы АКШнын Род-Айленд кинофестивалында болгон. Режиссёр өз чыгармасы менен Кыргызстандагы кыз ала качуу көйгөйүн жалпы коомчулукка жеткиргиси келгенин айтты.

Кинорежиссёр Мария Брендл: «Мен тасмам менен келиндердин үнүн коомго угузууну каалагам. Тасмадагы каарманым менен күчтүү баатыр кызды көрсөткүм келди»-деп билдирет. 

Оскар сыйлыктары 2022-жылдын март айына белгиленген.

Белгилей кетсек, «Ала качуу — Take and Run» тасмасы буга чейин эл аралык кинофестивалдарда бир нече сыйлыктарга ээ болгон.