Акын Жеңишбек Жумакадыр эмнеге таң калды?

Акын Жеңишбек Жумакадыр эмнеге таң калды?

09-жетинин айы, 2019-ж // //

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр таамай айтылган жазылган сөздөрү менен окурмандарды ойго салган постторду социалдык баракчасына дайыма бөлүшүп келет. Бул ирет өзүнүн талантына байланыштуу собол узаткандар тууралуу жазды.

“Кээде бир жакшылыктарда ырдап бүткөндөн кийин, бирөө келип сурайт да “чын эле төгүп ырдадыңызбы же мурда жаттап алдыңыз беле?” деп. Сураган адамдын кебетесин кошуп кайра ырдап берсең, кайра “чын эле айтсаңыз мени азыр төгүп ырдадыңызбы?” же мурда даярдап алдыңыз беле деп сурайт да”,-деп жазды төкмө акын.

Окурмандар аны кызуу талкууга алышып, акындан талантын баалап жатышат.

Эскерте кетсек, Жеңишбек Жумкадыр Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Нарын областында туулган. Учурдагы төкмө акындардын көч башында келе жаткан таланттуу инсан.

Булак: Заман.кж