Айсулуу Тыныбекованын колуна тесме кармап отурган сүрөтү тарады

Айсулуу Тыныбекованын колуна тесме кармап отурган сүрөтү тарады

29-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Социалдык тармактарга Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн аэропортто тесме кармап отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Бул сүрөт учурда көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан мактоого алынууда.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова баштаган кыз-келиндер курамасы Олимпиадага катышуу үчүн кечээ, 28-июль күнү Японияга сапар алышкан.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова килемге 3-август күнү чыгат.