Күйөөсү  оозуна байпагын тыгып, мыкаачылык менен уруп, бутуп өптүрүп кыйноого алган. Бул тууралуу кыйноого каршы бирикмеси баракчасчына жазып чыккан.

Маалыматта, Майрам аттуу келин үч баласы менен мыкаачы күйөөсунөн качып келип, “Сезим” кризистик борбордо баш калкалоодо. Анын айтымында күйөөсү урган учурда кыйкырбасын деп бутундагы байпагын оозуна тыгып, колу бутуп кайтып, мушөкту ургандай былчылдатып койгулап сабаган. Мындай учурда балдары коркконунан арачыга түшө албай четте карап ый аралаш “Ата ата апамы өлтүрбө” деп кыйкырышчу. Мындай учурда балдарына да кол көтөрүп, аларды башка бөлмөдөн чыкпай туруусун айтып чыга турган болсо өлтүруп сала турганын айтып коркутуп келген. Ошондой эле аялына бутуп өөп “Сүйүктүүм сиздин айкандарыңыздын баары туура”-деп мазактаган.

«Күйөөм мени муунтуп жатканда балдарым: “ата ата апамы өлтүрбө” – деп кыйкырышты. Ал балдарды башка бөлмөгө камап эгерде алар чыга турган болсо өлтурө турганын айтып коркутту. Бул бизде биринчи жолу болуп жаткан уруш эмес. Дайыма ушул картина кайталанып турат «. – дейт жабырлануучу аял.

Акыркы жолку урушта кошунасы жардам берип, аял балдары менен “Сезим” кризистик борборго баш калкалап келген. «Жабырлануучу психологиялык катуу травма алган. Бизге келгенде эки күн катары менен төшөктөн тура албай жатты. Балдарынын мээси чайкалган, эненин да баланын да денесинде майда сыныктар бар. Учурда алар дарыгердин көзөмөлүндө дарыланып жатышат «, — деп билдирет кризистик борбордун кызматкери Анара Өмүркулова.