Адахан Мадумаровдун кол тийбестиги боюнча чечим чыкты

Адахан Мадумаровдун кол тийбестиги боюнча чечим чыкты

09-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чечим чыгарды. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев АКИпресс агенттигине билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссия 5 жолу жыйын өткөрдү.

«Депутаттык комиссия 5 жолу жыйын өткөрдү жана башкы прокурордун өтүнүчү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты», — деди депутат.