Саясат

Адахан Мадумаров кимге 50 миң сом бериши керек?

«Бүтүн Кыргыстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарандык сотто активист Мелис Аспековко утулду. Бул боюнча Биринчи райондук сотунун канцеляриясынан билдирди.
Чечимге ылайык Адахан Мадумаров Facebook баракчасында айткандары төгүндөп, 50 миң сом моралдык компенцанция төлөп бериш керек.
Белгилей кетсек, Мелис Аспеков кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди деп Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз жазган. Анда активист 2017-жылы саясатчы телеканалдардын биринде Мелис Аспековду «УКМК кызматкерлерине иштейт жана провокатор», — деп айтканы негиз болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *