Коом

Абысыным баламды бакканга милдеттүүсүң дейт

Айылда турам. Жолдошум Сургутта иштеп журөт. Колумда карыган кайнене, кайната, өзумдүн эки балам жана абысынымдын беш баласы бар. Улуу кызы 14 жашта. Кээде аны жардамдаш деп жумшасам анын баарын апасына айта берчү экен. Өткөндө абысыным чалып алып кызымды жумшаганга акын жок. Эмнеге сенин баланды караш керек эле. Сен менин балдарымды мен барганча карап бакканга милдеттүүсүң-дейт. Ансыз деле эки жылдан бери балдарын карап келем. Жалгыз тогуз адамды караш оңой бекен? Жиним келип балдарынды келип өзүн кара мен да чарчадым десем күйөөмө чалып аялынды кетип балдарымды урат экен дептир. Жеңесинин сөзүнөн чыга албаган жолдошум  балдарына кол көтөрбө деп мени менен уруша кетти. Эми мени кет деп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *