Анжелика Нуржигит Кадырбековдун сөздөрүнө жооп кайтарды
15-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваМаданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков буга чейин мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек деген пикирин билдирген эле.
Ал “Мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турушу керек. Кээ бир ырчыларды анча-мынча официалдуу кечелерге чакырып калсаӊ, тоюм бар эле дегенин угуп жүрөм. Мамлекеттик иш-чараларга чакырган учурда келбеген ырчыларга чара көрүү керек”,- деп белгилеген.
Министрдин бул пикирине ырчы Анжелика төмөндөгүдөй жооп кайтарды:
“Эми ырчыларды дагы жаңы министрибиз угуп койсун!
Бир суроо: Концерттик зал куруу планда барбы?
Учурдан пайдаланып, өз оюмду жазайын.
1. 23 жылдан бери эмгегимдин тарыхчасын ачып, бир грамота бербеген маданият министрлигине мен дагы нааразычылыгымды билдирип кетеин .
3. Ырчылар арасындагы бир дагы мамлекет тарабынан өткөн концерттерге температура болсок дагы, жаңы төрөсөк дагы, COVID 19 болсок дагы чакыруудан калбай барып жатабыз.
Керек болсо 15 жыл аралыгында чоңдор үчүн (кой, балким , баалап калат деп) резиденцияга барып , бир күндөп репетиция жана кезек күтүп ырдап келе жатабыз. Ыр жаздырганга, же ошол эле жасанганга жетпеген акча төлөнүп калат. Анан албетте той багып келет бизди.
4. Жеке концертке тааныш-билиш аркылуу гана министрликтен келип , куттуктоо сөз айтып калышбаса, айтор, буга чейинки эки министр тен тойго кетип , маданият өкүлдөргө көңүл бурулбай калган учурлар жок эмес.
5. Кечээ 20дан ашуун ырчылар эшикте, суукта, маданият министрлигинин чакыруусу менен бекер ырдап, колдодук.
Бир сом эмес, бир стакан ысык чай уюштура алышпады.
6. Мен кээ бир чыгармачылыктагы агай эжелеримди көрүп кабыргам кайышат. Өз өмүрүн чыгармачылыка арнап, тытынып соода кылып – акча таап, ошол акчага ыр жаздырып келишет. Клип, костюм, жайылтуу деген нерселерге укмуш көп акча кетет. Мунун баары – чыгармачылыка , угармандарына болгон сүйүү үчүн.
7. Ал эми кыяладанып жүрүп алган “маданият отличниги” -эмне берет ? 1% арзандатуу бир жерге берилсечи.
8. Чара крргөндөй, мамлекеттик кызматкер болуп , айлык алып жатабызбы? Мамлекетин же министрликтин каттоосунан тастыктоочу күбөлүк алыптырбызбы?
Же маданият күнүнөр менен деп бир куттуктоо кагазын беришиптирби ушул күнгө чейин???
Ырчыларды чогултуп , жыйын өткөрүлүш керек деп ойлойм. Улуу муун ырчылардан, жаштардан байкоочу кеңеш түзүлсүн! Ачык иштеп, келишимге кол койдуруп, анан чараларды көрө бергиле”, – деп жазат ырчы.
