Максат Довранов: “Атамдын орду күн сайын билинет, көп жолу үшкүрүп, бирок, Аллахтын буйругуна баш ийем…”

Максат Довранов: “Атамдын орду күн сайын билинет, көп жолу үшкүрүп, бирок, Аллахтын буйругуна баш ийем…”

07-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Теле алпаруучу Максат Довранов атасы тууралуу инстаграм баракчасына жазып чыкты:

“Менден атам жөнүндө көптөр сурайт; “Эмнеге атаңызды көрсөтпөйсүз? Атаңыз тууралуу сөз кылбайсыз?”-деп.

Атамдын аты-жөнү Абдурайым Довранов. Арабыздан кеткенине 18 жылдын жүзү болду. Тирүү болсо быйыл 62ге чыкмак.

Мен анда 6-класста окуган жаш бала элем. Ошол учурда ата жоготуу канчалык оор экенин анчейин сезбедим окшойт. Бирок, чоңойгон сайын эркек бала үчүн атанын орду өзгөчө экенин, атасыз өмүр бир канатың кайрылып алсыз болуп калаарыңды сезип, билип келем. Жашоодо ар кандай учурлар болот, кээ бирин апабызды аяп айта албай каласың. Айтор, атамдын орду күн сайын билинет, көп жолу үшкүрүп, бирок, Аллахтын буйругуна баш ийем.

Атам тууралуу замандаштары ак көңүлдүүлүгүн, колу ачык башкача боорукер болгонун ушул күнгө чейин айтып калышат. Атам аз жашаса да артында үч уулун апама тирек кылып таштап кетти. Апамды өзгөчө жакшы көрүп сыйлаганбыз да атамдан өтсө керек. Себеби, ата-энемдин уруш жаңжалын же апама катуу сүйлөгөнүн көрбөдүм. “Үйдө бир жакшылык болгондо атам жаныбызда болгондо”- деген арман өмүр бою боло берет экен. Азыр атама куран түшүрүп, бейишин гана сурагандан башка айла жок экенин билем.

Бүгүнкү күндө Аллахтан дайым атамдын жок экенин билдирбегенге аракет кылып, бизди чоңойткон апамдын өмүрүн тилеп, биздин бактыбызга бар болсун деп бассам турсам сурап келем. Ата-энелер балдарынын сый-урматын көрүп узак жашашсын. Ата-энелерибизди көзү бар да сыйлай билели”.