Атамбаевге элди, өлкөнү алдагандыгы үчүн кылмыш иши козголобу?

Атамбаевге элди, өлкөнү алдагандыгы үчүн кылмыш иши козголобу?

23-тогуздун айы, 2018-ж // //

Коомдук ишмер Эдил Байсалов экс-президент Алмаз Атамбаев өз кирешелери боюнча тийиштүү органдарга, элге жалган маалыматтарды таркатып, алдамчылык кылгандыгы жөнүндө билдирди.
Анын ырастоосу боюнча, экс-президент 2017-жылы 5-апрелде же Кой-Таштагы хан сарайын куруну аяктап жатканда, ошол убактагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 2003-жылдын январында Түркиянын “Електромед Электроник” деген компаниясындагы үлүшүн 45 миллиард лирге саткандыгын, ал 35 миллион АКШ доллары болгондугу, ал Түркиянын 2003-жылдын 31-январындагы бизнес боюнча маалыматтык бюллетенинде жарыялангандыгы тууралуу документтерди берген. Аны экс-президент элди, фискалдык тийиштүү органдарды “хан сарайды ошондон калган каражаттарына куруп жаткандыгына ишендирүү” үчүн ачыкка чыгарган.
Эдил Байсалов Алмаз Атамбаевдин ал ишканага таптакыр тиешеси жоктугун, анын үлүшү Gulcanlar Elektrik Elektronik деген чакан фирмада болгондугун, ал убактагы курс боюнча 45 миллиард лир 27 миң гана долларды түзөөрүн, демек, экс-президент Башкы прокуратураны, мамлекетти алдагандыгын маалымдады. Ал бул маселе боюнча атайын Түркияга барып, анын айткандарын ырастаган документтердин баарын алып келиптир.
Демек, анда АША Кой-Таштагы, мамлекеттик резиденциядагы хан сарайларды мыйзамсыз жол менен табылган акчаларга курган болуп чыгат. Ал акчалардын кайдан келгендиги деле коомчулукка жашыруун сыр болбой калды. Башка өлкөдө, маселен, Түштүк Кореяда же Японияда мамлекет башчысы мындай жоруктарды жасаса, эбак эле анын колуна кишен салып, түрмөгө алып барып, отургузуп коюшмак.
АШАны чолчоңдото бербестен тезирээк кол тийбестигин алып, буга окшогон жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартуу керек. Антпесе “мыйзам алдында бардыгы бирдей” деген Конституциялык норма бузулат.