13 жаш улуу болсо да ал менин жүрөгүмдү жаралады…

13 жаш улуу болсо да ал менин жүрөгүмдү жаралады…

07-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 

Мен быйыл окууну бүттүм, алтын уядан учтум. Үйдөгүлөр “окубай эле кой, шарт жок, турмушка чыгасың” деп туруп алышты. Айла жок, жаштайымдан турмушка аттанат экем. Мен да элдин кыздарындай окуп, ойноп жүргүм келген.

Жакында эле бир жигит менен таанышкан элем. 1990-жылкы жигит экен. Көрүнүшүнөн жаш деп ойлогом. Мени сыйлап турат, мамилеси жакшы, Бишкекте жашайт. Кесиби аскер адамы. Азыр кызматта, жакында аяктап келип, баш кошобуз дейт. Аны жакшы көрүп калдым, 13 жаш  улуу болсо да жүрөгүмдү жаралады…