10 миллион сом доо. Ырчы Анжелика Алга Кылычты сотко берди

10 миллион сом доо. Ырчы Анжелика Алга Кылычты сотко берди

26-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Ырчы Анжелика Кайратова Алга Кылычов менен соттошуп, аны 10 миллион сом доого жыкты. Бул туурасында жактоочу Мукаш Байгелдиев тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, “Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Алга Кылычовдун үстүнөн жалган маалымат таратканы үчүн сотко арыз түшкөн.

“Кылычов “Дөө Чыӊгыз” (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тиешеси бар, буюртма берип өлтүргөн” деп өзүнүн Facebook`тагы баракчысы аркылуу видео кайрылуу жасаган. Адам өлтүрүү боюнча оор кылмышка айыптаган Кылычовду Анжелика сотко берип, жалган айыптоосу үчүн 10 000 000 сом моралдык чыгым өндүрүп берүү арызы менен Ленин райондук сотуна кайрылды”, – деди ырчынын жактоочусу.