10-июлдан тартып өлкөнүн Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл ала башташат (график)

10-июлдан тартып өлкөнүн Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл ала башташат (график)

21-кулжа, 2017-ж // //

10-июлдан баштап Кыргыздын Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алууну башташат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу графиги:
Биринчи тур
10-12-июль — Талондорду чогултуу жүрөт.
12-июль саат 14:00 — Талондорду чогултуу аяктайт.
13-июль саат 10:00 — Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.
13-15-июль — Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
Экинчи тур
17-19-июль — Талондорду чогултуу жүрөт.
19-июль саат 14:00 — Талондорду чогултуу аяктайт.
20-июль саат 10:00 — Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.
20-22-июль Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)
24-26-июль — Талондорду чогултуу жүрөт.
26-июль саат 14:00 — Талондорду чогултуу аяктайт.
27-июль саат 10:00 — Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.
27-29-июль — Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
25-августка чейин Жогорку окуу жайларына өткөн абитуриенттердин тизмеси министрликке жөнөтүлөт.