1-майга караган түнү Бишкектеги тосмолор алынат
30-чын куран, 2020-ж // //1-майга караган түнү Бишкек шаарындагы тосмолор (блокпост) алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-апрелдеги жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, тосмолор алынып, жалаң жөө жана авто кайгуулдар калат.
Дастан Бекешов: «Анда электрондук өткөрмө кагазды эмне кыласыңар? Эртеңден баштап таксисттер иштеп баштайт. 8 миң таксист электрондук өткөрмөнү кантип алышат?», — деди.
Ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин маалыматы боюнча, алардын баары буга чейин берилген патент аркылуу текшерилет. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо шарты менен электрондук уруксат берилет.
Депутат тосмолор алынса, анда электрондук өткөрмө кагаз берүүнүн зарылчылыгы жок экенин кошумчалады.
«Биз шаарда жүргөн унаалардын санын көзөмөлдөшүбүз керек», — деди Орозалиев.
Депутаттын айтымында, эртең 120 миң адам жумушка чыкса комендатура уруксат берип жетишпей калат. Ал эми комендант бир билдирүүнү карап чыгууга жарым мүнөт убакыт кете турганын айтты.