1-апрелден тарта 7 миң сом алган мугалимдин айлыгы 21 миңге көтөрүлөт

1-апрелден тарта 7 миң сом алган мугалимдин айлыгы 21 миңге көтөрүлөт

26-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
1-апрелден тарта 7 миң сом алган мугалимдин айлыгы 21 миңге көтөрүлөт. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
«Билим берүү тармагында айлык орточо 80 пайызга чейин көтөрүлөт. Ошондо университетти жаңыдан бүтүп келген стажы жок мугалим колуна 20-21 миң сом алып калат. Бүгүнкү күндө ушул категориядагылардын маянасы 4-7 миң сом эле», — деди Бакетаев.