Өзүн уурдады деп билдирген өспүрүм досунун үйүнөн табылган

Белгисиз бирөөлөр уурдап кетти делген өспүрүм досунун үйунң табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, өспүрүмдүн апасы 18-апрелге караган түнү милицияга кайрылган. Арызда ишемби күнү саат 16:30дар чамасында 17 жаштагы уулу уюлдук телефонун оңдоткону Ивановка айылына кеткен. Көп өтпөй  өспүрүм апасына чалып,  артынан белгисиз унаа менен чоочун кишилер аңдып келе жатканын айткан. Жарым саатка жетпей уулунун телефону аркылуу бирөөлөр өспүрүмдү Ивановка айылындагы аймактык оорукана жактан уурдап кетишкенин билдиришкен. Апасы кайра байланышка чыкса уулунун телефону өчүк болуп калган.
Факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен КЖБРге катталган. Ысык-Ата райондук милициянын бардык өздүк курамы тартылып, өспүрүмдү Ивановка, Кең-Булуң жан Чолпон айылдарынан издешкен.

“Милиция кызматкерлери талааларды, жайыттарды жана адам жашабаган, кароосуз калган жайларды тинтишкен. Ысык-Ата районуна кирип-чыгууга блокпосттор коюлган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм Новопокровка айылындагы досунун үйүнөн эле табылды. Алдын ала маалымат боюнча, бала тентектик кылып ушундай кадамга барган”, — деп айтылат маалыматта.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир