Сейилдейм деп бир жашар кызынын колун үшүккө алдырып…

Сейилдейбиз деп бир жашар кыздын колунун манжалары үшүк алып кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазып чыкты.

Алардын маалыматында, окуя Павлодар облусуна караштуу Солнесным шаардачында болгон. Ооруканага бир жашар кыздын оң колунун манжалары үшүк алып жеткирилген. Апасынын айтымында алар кечки саат ондор чамасында кызы менен сейилдөөгө чыккан. Бир сааттан ашык басып жүрүп келген. Үйгө киргенде жылуудан улам кызынын колу как көк тартып шишип кыймылдабай калганын байкаган. Ошондо гана ал колу үшүк алганын билип тез жардам чакырган. Тез жардам кызматы биринчи жардамды көргөзүп ооруканага жеткиришкен.
Дарыгерлер кыздын колу I-II-IIIА баскыста үшүк алганын тастыкташты. Учурда кичинекей кыз ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.


Сиздин пикир