Илим Карыпбеков: “Мен дагы сыйлыгымды тапшырып бергенге дарямын”

КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков бул тууралуу жеке баракчасына жазды

“Эме…достор, элдин баары эле Маданият министрлигинен алган сыйлыктарын тапшырып атышыптыр, анан мага кичине “неловко” сыяктуу болуп атат. Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт дегендей мен деле эл катары тапшырайын десем, менде Маданият министрлигинен бир дагы сыйлыгым жок экен. Анан ушу Улуу британиянын Бремьер-министри Борис Жонсон мырзадан алган мактоо сертификатым бар эле, Улуу Британиянын элчиси таршырган, ушуну берсем жарайбы? Же сөзсүз “ызначок” болуш керекби? Эл катарынан чыкпаш үчүн эмне кылышым керек ыя ыйолкиники десе?”, – дейт Илим Карыпбеков.


Сиздин пикир