Гуля Алмамбетова: “Биз таза иштегенбиз”

Бул тууралуу “НДПК” партиясынын мүчөсү Гуля Алмамбетова “коом. press” сайтына билдирди:
Биздин партияны шайлоодон четтетип салганы бизге да таң калыштуу болду. Тилекке каршы кимдер чын эле мыйзамды бузганы изилдөө болгон жок, кайсыл иликтөөнүн негизинде мындай ишке барышты, такыр билбей калдык. Ошого карабастан БШК ушундай чечим кабыл алды. Муну жөн калтырбай, түрдө сотко кайрылабыз. Эгерде шайлоо комиссиясы позициясында турса, биз дагы мыйзам чегинде саясий күрөштү улантабыз. Шайлоо учурунда биз таза иштедик, эгерде кандайдыр бир башка мыйзамды бузуу иштери аныкталса да, башка партияларды жарыштан алган жок, бирок, НДПК партиясын четтетип салышты. Биз макул эмеспиз”- деди ал.

Сиздин пикир