Иштен алынган Ибраимов мамлекетке 50 миллион сом зыян келтиргенби?

Сот департаментин бир канча жылдан бери жетектеп келген Рустам Ибраимов кызматтан алынды. Бул жигит аталган департаментте өзү каалагандай иштеп, бир катар мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн ЖМКлар тарабынан көп сынга алынып келген. Маселен, кызматтык унааларды сатып алууда тендердеги “теңин бер” сыяктуу схемаларды ийгиликтүү ишке ашырып, сот имараттары үчүн керектүү жабдыктардын басымдуу бөлүгүн өз баасынан кыйла жогору сатып алууга жол бергени ачыкталган. Маселен, 60 миң сомдук компьютерлерди 190 миң сом деп кириштеген. Ал тургай 10-15 сомдук калем саптарды 100 сом деп кириштеген учурлар да катталган. Ал эми Биринчи Май райондук сотунун имаратын оңдоп- түзөө маселесинде 5-6 миллион сомдун изи чыкпай калган. Ибраимовдун тушунда мындан башка да ири көлөмдөгү уурдоолорго жол берилип, жалпысынан мамлекетке келтирилген чыгымдун көлөмү 40 миллиондон 50 миллионго чейин чапчый турганы айтылууда. Учурда Ибраимовго 3 кылмыш иши козголгон. Анын бири айтылуу Манас Арабаевдин кылмыш ишине байланыштуу экендиги тууралуу удаа маалыматтар бар. Себеби, Ибраимов өткөн бийликтин тушунда Арабаевдин командасында ийгиликтүү иштеген фигуралардын бири.

БУЛАК: Багыт.кж



Сиздин пикир