Саясат

Жылдыз Жолдошева: «Улуттук намыс тебеленди, убакыт келсе Баткен окуясы үчүн жооп беришет»

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева президент Садыр Жапаровго кайрылып, бийликти сындагандарды саясий куугунтук албоого чакырды.

Жолдошева мындай пикирин журналист Майраш Базлакунованын Youtube каналына берген маегинде билдирди.

“Ачуу чындыкты көтөрө билиш керек. Мезгилинде Садыр Жапаров дагы айткан. “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” деп. Азыр эмнеге чындыкты айтып жатса уккусу келбейт? Эмне үчүн чындык айткандардын баарысын отургузуп же өч алуу айланпасынан чыга албай жатат. Өч алуу айланпасынан чыгышы керек. Бизге окшогон саясатчылардын үнүн уга билиш керек. Элине жакын болуп, элинин көйгөйүн угушу керек”, — деди Жолдошева.

Саясатчы каргашалуу Баткен окуясына токтолуп, улуттук намыс тебеленгенин айтып, бийликке ачуу сын айтты:

«Тажиктер биздин жерге кирип өрттөп, балдарды атып жатса, карап турушубуз керекпи эле? Эл аралык уюмдар эмне дейт деп? Мен айтпайм Тажикстандын жерине кирип аткыла де, алар кирип келгенде, биз атышыбыз керек болчу. Анан эмнеге Эмомали Рахмон чакырса барат, баарыбыз айттык туура эместигин. Мамлекет бир эле Садыр Жапаровдуку эмес да. Башка өлкөнүн борборунда же нейтралдуу жерде жолугушу керек эле. Улуттук намыс тебеленди, убакыт келсе Баткен окуясы үчүн жооп беришет»

Экс-депутат бейкүнөө камалгандар деп саясатчы Жеңиш Молдакматовду мисалга тартты. Жолдошева бийликтин Кумтөр, чек ара маселелери боюнча аракеттерин кескин сындап, мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип кетишин элдик толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп эскертти. Азырынча президенттик аппарат Жолдошеванын сынына жооп бере элек.

Парламенттин бешинчи чакырылышынын депутат Жылдызкан Жолдошева 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошол кезде камактагы Садыр Жапаровду колдоп келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *