Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоону 2017-жылдын 15- октябрына дайындады

Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоону 2017-жылдын 15- октябрына дайындады

14-кулжа, 2017-ж // //

Жогорку Кеӊеште ушул жылы боло турган президенттик шайлоону дайындоого
байланыштуу токтом кабыл алынды. Демилгечи – депутат Иса Өмүркулов. Бул
туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Жогорку Кеӊештин бул токтомунун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-
жылдын 15-октябрына дайындалууда. Андан сырткары, бул документ аркылуу Өкмөткө,
мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир
катар тапшырмалар берилет. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам
талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт.
Ошондой эле, Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө
мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында
чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Андан тышкары, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине колкабыш
кылууга тийиш.
Эске салсак, Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда
президенттик шайлоону дайындоого тийиш.