Коом

Жеңем ойношу менен байкемдин колуна түшүп…

Саламатсыздарбы. Кээде окуп калам бирөө келинди жамандаса баары коргоп кетет. Башымдан өткөнүн айтып кетейин. Менин да женем болчу. Жалгыз кайын синдиси элем. Жалгыз уулга тийди. Келип баарыбызды кыйнады, аябай ыйлатчу түндөр ыйлап уктабай чыкчумун.. Акыры үйгө да Батыра бербей квартирага кетип калдым. Убакыт өтүп турмушка алыс айылга тийдим. Кудайыма миң мертебе шүгүр бактылуумун балдарым бар, алтындай күйөөм, соонун эки кайынсиндим бар. Кайненем экинчи апамдай болуп кетти. Ал эми Баягы женем болсо ойношу менен байкемдин колуна түшүп ажырашып кетишти. Ошо ойношуна тийди. Анысы күндө кок ала кылып сабайт экен. Үйүнө барса сендей жер караткан кыз бизге керек эмес деп ата-энеси кетирип жиберет экен. Иши кылса тагдыры аябай татаал болуп жатыптыр. Менден жакында кечирим сурады гүлдөй жерде тынч жашай бербептирмин деп. Ошон үчүн беш кол тен эмес. Эн негизгиси жүрөктөрдү тазарталычы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *