Жаңы алган келиним кемпиримди беш килограммга арыктатты

Жаңы алган келиним кемпиримди беш килограммга арыктатты

27-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 
Куйруктан жасалган майлуу манты, чучугу менен бешбармак, картошкасынан эти көп куурдак, айтоор, бул тамактарды ойгонгондо эле жеп алып, келээри-кеч кекирип басып жүрчүмүн.
Кемпирим камыр тамактарды көп жасачу. Кечки тамакты саат ондордо ичип, дароо жатып алчубуз. Бутумдун боосун байлайганга колум жетчү эмес. Чоң курсагым тоскоол болчу. Мойнум көрүнбөй калган. Бышылдаган үнүмдөн келатканым алыстан эле угулчу. Жүрөгүм, ашказаным, буттарым ооруп бейтапканага жүз ирет жатып чыктым

Жалгыз уулумду үйлөдүм. Элден кем кылбай той берип, бата алдым. Келиним медик экен. Келгенде эле, “ата, сиздин жүрөгүңүздү текшертүү керек, оор дем алып жатасыз”, — деди. Кемпиримдин жытынан эле кант диабети бар экенин билип койду. Мыкты дарыгер окшойт.

Эртең менен ойгонсок, келиним эшикти шыпырып жүрүптүр. Тамак даяр болгонун айтып, чуркап барып чай койду. Жуунуп, столго отурдук. Эт жейм деп күтүп отурсам, столго үстүндө кожогаты бар каша, кайнатылган жумуртка, сыр, анан “свежий” салат койду. Тойбодук, бирок унчуккан жокпуз. Бергенин жеп алып жумушубузга жөнөдүк.
Билесиңерби, жолдо баратып өзүмдү ушунчалык жеңил сездим. Биринчи жолу эртең мененки тамактан кийин кекирбей, ынтыкбай, жел чыгарбай басып бараттым. Бул сезим мага жакты.
Саат алтыларда кечки тамакка отурдук. Келиним жашылча шорпо жасаптыр. Тамак ичип бүттүк. Уктаганга али эрте. Баарыбыз ары-бери кыймылдап жумушубузду кылып жүрдүк. Түндөсү онтобой жеңил уктадык.
— Ата, келиңиз жүрөгүңүздү текшерип берейин.
— Макул кызым.
— Таак …
— …
— Ата, сиз диетага отурушуңуз керек. Убагында дарылабасак, олутту көйгөйлөр пайда болот. Эртеңден баштап өзүм жеңил тамак жасап берем. Анан, көбүрөөк жөө басканга аракет кылыңыз.
— Эми, макул.

Муздаткычта жашылча-жемиштер, сүт азыктары көбөйдү.

Диетага отурганыма бир ай болоюн деп калды. Бул аралыкта 10 килограмм ашыкча салмактан арылдым. Байпагымды өзүм кийип, ботинкамдын боосун байлаганга жарап калдым. Кемпирим беш килограмга арыктады. Ал «мойнум көрүнүп калды»,- деп сүйүнүп басып жүрөт.
Ушул жашка келгенде гана туура тамактанганды үйрөндүм. Каап, ден соолугума мурунтан кам көрсөм болмок экен.Тааныштардын баары сулуу болуп калганымды айтып жатышат.

Кечкисин тамак ичип бүтүп, кемпирим экөөбүз сейилдөөгө чыгабыз. Кошуналар кайда дешсе “ичкен тамагыбызды аш кылып жатабыз”,- деп коебуз.

Өмүрүбүздү узартып, туура жашаганга үйрөткөн келиниме ыраазымын.
http://Bilesinbi.kg