Жантөрө Сатыбалдиев акталганына түлөө берип, бата алды
28-чын куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваӨткөн жумада экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев абактан башы бошогонуна, акталганына түлөө берди. Жакшылыкка жоруп. Саясый элитадагы бир топ аттуу-баштуулардын батасын алды. Эске салсак, ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда камакка алынган. Түрмө түйшүгүнөн улам жүрөгүнө операция жасалганы маалым. Алгачкы күндөн эле Жантөрө Сатыбалдиев айыптоолорду четке кагып, башка түшкөн сыноону өч алуу, карасанатайлык катары баалап келген. Эмесе, убакыттын өтүшү менен Сокеге кандай жооп кайтарат болду экен?
«Азия Ньюс» гезити