Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаевди көпчүлүк кабыл албай жатабы?

Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаевди көпчүлүк кабыл албай жатабы?

15-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев айыл өкмөттөр менен иштеше албай, бир жагынан жергиликтүү эл да каршы чыгып, чогулуштарда кайым айтышуулар орун алганы кабарланды. Билими, тажрыйбасы да талапка ылайык эмес экен.

Ал соңку убактарда жыйындардан качып, жөндөмсүздүгү билинип, оозго алгыс сөздөрдү уга баштаганы кандай? Чөнтөгүн толтурууга ашыгып, коррупцияга шектелгени ыраспы?

Мындай кадр менен Ысык-Ата районун өнүктүрүүгө мүмкүнбү? Айтор, карапайым эл менен жергиликтүү бийликтин ортосунда жарака кеткени талкууга алына баштады. Аягы чатак менен бүтпөйбү?

Айтмакчы, Нуралы Курмантаев 68 жашта. Мамлекеттик кызматтын эрежесине, мыйзамга ылайык, акимдер 65 жашка чейин кызмат кыла алат.

Кызык, жаш курагы өтүп кетсе деле билген намазын окуп, көпчүлүктүн кыжырына тийе береби? Мыйзам качан иштейт?!

Булак: Азия News гезити