Текебаевдин тергөөсү дагы уланса, «Ата-Мекенчилер» чара көрөбүз дейт
12-чын куран, 2017-ж // //Жогорку Кеңештин депутаты, Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча тергөө дагы уланышы мүмкүн. Текебаевдин адвокаты Искен Афиджановдун айтымында, ал УКМКнын СИЗОсунда сот чечими чыкканча 25апрелге чейин кармалат. «Ушул убакыт аралыгында иликтөө иши аяктап, материалдар сотко өткөрүлүп берилиши керек. Эгер, иликтөө иштери улана турган болсо, биз да чара колдонобуз» деп билдирди юрист.
Текебаев учурда, коррупция жана алдамчылык менен шектелип иликтөө ишинин жыйынтыгын күтүп камакта.
Чагылган.кж