СаясатШоубизнес

Сыймык Бейшекеев: Сүйлөшүү учурунда өзүмдү депутаттай сездим

КР эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов жана Рысбай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Сыймык Бейшекеевди  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигине жакын санаалаштары коюуну суранышкан. Бирок, ырчынын атасы, жакын туугандары депутатыкка талапкерлигин коюуга  каршы болгонун билдирди. “Баары эле аттандык деген эле кишилер, атказгандар көрүнбөйт, жабдыгы алтын күмүштөн тагынганы, жөнөкөй ээр токулгачаны, ыңырчак токуганы, орус ээрчени, жада калса жайдак мингени да бар эй, ушунча мыктыбыз бар экен, буйруса тез эле оңолсок керек оңко баш атпай деп ойлоп койдум. Август айынын аягында азыркы парламентин лөктөрү, Алтыкем менен Жанар Акаев үкөм чайга чакырды, узак сүйлөшүүдөн өзүмдү парламенттин жыйындар залында отурган депутаттай сезип да кеттим шорттуку десе, бирок жалындуу кептери жагымдуу болду. Бирге барсак чыракка билик болгонго жараарыбызды да туйдум, шайлоого кетчү кем карчынан да кыжалат болбой турганымды боолголодум. Эки жумадан ашуун жети облустагы тааныш билиш, тууган урук, алыскы жакынкы чет өлкөдөгү санаалаш, ага ини, өкүл балдардын баарына кеңешип, пикирлерин уктум. Дээрлик 90 пайызы барышым керектигин айтышса, атакем баштаган 10 пайызы каршы болушту. Ага чейин өзүбүздүн Кетмен Төбөдөн кимдер талапкер болуп чыгаары да белгилүү боло баштады. Бек Борбиев деген ысым калктын калың катмарына сиңип, менин да өнөр дүйнөсүнө аралашыма салымын кошту. Өнөр адамдары өлкөнү биримдикке чакырган ырлардан ырдап келебиз, анан өнөрдө өзөктөш болуп жүрүп бир өрөөндүн, болгондо да өзүбүз чоңойгон элди кантип экиге бөлөбүз деген ой чырмап алды. Ансыз да, буга чейин 20 жыл мурунку шайлоодо экиге бөлүнгөн элдин жараты бүтө электей, «агаңан мурун ат сугарба» дейт акылман элибиз, жада калса чейрек кылымдык чыгармачылык өмүрүмдө мен Бек ага концерт койсо, сый урмат кылып, ал күндөргө туташ башка залдарда катарлаш (паралель) концерт да койбодум.  Бул жолу да инилик ызат кылып оюнга катышпадым. Ийгилик аке, биз өнөр жолундагылар саясатта да маданият кылса болоруна үлгү боло алабыз. Мага ишеним көргөзүп катарына чакырган «Альянс» партиясынын түптөөчүлөрүнө ыраазычылык айтам. Максатыңар орундалсын, баардык аламанга катышып жаткан мекендештерге ийгилик каалайм.  «Ат чуркабай, бак чуркайт» — дейт, буйруп жеңип келгениңер өлкө үчүн талыкпай иштеп берет деп ишеним арткандардын катарында болом.”- деп инстаграм баракчсына жарыялады

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *