Сүрөт-Ойсоктогон Анжелика күйөрмандарына капа болду…
20-баш оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Анжелика учурда виртуалдуу жашоодо жашап, жакын адамдар бири-бирине көңүл бөлбөй калганын айтат:
“Ар кимиң ар бурчта телефон кучактап, социалдык тармакка сүңгүп, үй-бүлөңөргө, ата-энеңерге, жакындарыңарга көңүл бурбай, балдарыңарды жүзүнөн сүйүп, мээрим төкпөй калганыңарды көрүп капаланам…
Байкасам, баарыңар эле виртуалдуу жашоого көнүп бараткандайсыңар. Бири-бириңер менен сүйлөшкөнүңөр, кучактаганыңар, сүйүүнөр азайып, бири-бириңерге бут тосуулар, көрө албастык, ичи тарлык көбөйдү.
Максат – өмүрүңөрдү ушинтип коротуу эмес, адамдык сапатыңарды, инсандык өнүгүүңөрдү өнүктүрүү болсо сонун болот эле. Адамдар менен болгон алака, үй-бүлөлүк мамиле канчалык маанилүү экенин сездирүүнү кааалайм. Ээн-эркин, жөн гана басып жүрүү же тескерисинче дайыма жумушка шашып, анын таттуу үзүрүн, жагымдуу чарчоону сезүүнүн кандай бакыт экенин сезүү сонун. Бакыт – тынччылык, ээн-эркин, бакубат, бака-шака жашоодо! Мындай сонун көз ирмемдерди негатив ойлоруңар менен булгабагыла!”.