Сүйкүмдүү канайым! Президенттин жубайы туулган күнүн кандай белгиледи?
05-бештин айы, 2019-ж // //
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы туулган күнүн белгиледи. Биринчи болуп апасын улуу кызы Саида куттуктады. Ал өзүнүн Instagram баракчасына апасына бакыт жана ден соолук тилеген постун жайгаштырды.
Өзбекстандын канайымы Зироатхон Мирзиёева 4-декабрь күнү туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Биринчи болуп апасын улуу кызы Саида куттуктады. Ал өзүнүн Instagram баракчасына апасына бакыт жана ден соолук тилеген постун жайгаштырган.
Биринчи болуп апасын улуу кызы Саида куттуктады. Ал өзүнүн Instagram баракчасына апасына бакыт жана ден соолук тилеген постун жайгаштырган.
“АР ДАЙЫМ ДЕН СООЛУКТА БОЛУҢУЗ. СИЗ БИЗ ҮЧҮН ЧОҢ БАКЫТСЫЗ!” — ДЕП ЖАЗДЫ АЛ.
Биринчи айымды социалдык тармак колдонуучулары дагы куттуктап, узак өмүр жана жагымдуу көз ирмемдерди каалашты.
Ал ортодо куттуктоолорго коңшу өлкөлөрдүн жарандары дагы кошулду.
Зироатхон Мирзиёева Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп-өскөн. Кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Биринчи айымдын туулган жылы боюнча маалыматтар ачык булактарда кездешпейт.
Булак: sputnik.kg