22-декабрь саясатчы Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү. Пайгамбар курагына келип, 63 жашка толот. Өзгөчө дата. Биз бул боюнча Өмүрбек Текебаевге кайрылып, учкай сураганга жетиштик.

Ал Орто-Сай-2 элиталык конушунда жаңы салынып бүткөн ак өргөсүндө үй-бүлөсү менен туулган күнүн белгилей турганын билдирди. Ырым кылып, атайын өзгөчө саамалыктын астында турганын жашырбай, бактылуу көз ирмемдерге байланганын, эс алып жатканын да кошумчалады.

Бирок, мындан ары бийликтин катачылыктарына кыргыйдай тийерин, ар дайым реакция кылып турарын, ансыз жашоосу кунарсыз экенин эшиттик. Антпесе Текебаев болобу?..

Булак: Азия News гезити