Мурас-Ордодо наристе ажатканага түшүп кетти

Биринчи май районунда Мурас-Ордо конушунда 1 жаштагы наристе ажатканага түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы туулган А.Р. аттуу наристе ажатканага түшүп кеткен. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, бирок алар жеткенге чейин туугандары наристенин жансыз денесин чыгарып алышкан.

Add your comment

Your email address will not be published.