Максим Бакиев менен Белоконь башында турган топко соттун өкүмү чыкты

Максим Бакиев менен Белоконь башында турган топко соттун өкүмү чыкты

16-бугу, 2017-ж //

Биринчи май райондук соту Максим Бакиев жана дагы жети кишиге карата өкүм чыгарды.
Борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунда 12-май күнү Максим Бакиев, Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Лас, Сергей Костырин, Юрий Качнов, Марат Алапаев жана Чолпон Иманалиева сыртынан соттолду. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Өкүмгө ылайык, Максим Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, үй мүлкүн камакка алуу менен беш миң сом айып төлөөгө милдеттендирилип, үч жыл бою мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылды.
Валерий Белоконь 20 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, үй мүлкү камакка алынып, үч жыл бою банк тармактарында иштөөсүнө чектөө киргизилди.
Евгений Вербицкий, Анита Лас, Сергей Костырин жана Юрий Качновдор 20 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөө өкүмү чыгып, үй мүлкү камакка алынды.
Марат Алапаев 25 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп жана үй мүлкүн камакка алуу менен үч жыл бою мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылды.
Чолпон Иманалиева 7 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөп, үй мүлкү камакка алынды.
Мындан тышкары, «Манас Банк» ЖЧКсына тиешелүү имарат мамлекеттин эсебине алынат. Өкүмдүн үстүнөн Бишкек шаардык сотуна 22-апрелге чейин даттанууга болот.
«Манас Банк» ЖАК 2007-жылы түзүлүп, Максим Бакиевдин жакын досу жана өнөктөшү деп саналган латвиялык ишкер Валерий Белакондун ээлигинде болчу. 2010-жылдын апрелде Убактылуу өкмөт банкка тышкы башкаруу киргизип, улутташтырылган мүлк деп тааныган. Валерий Белоконь өкмөттү сотко берип, 16,5 миллион доллар компенсация талап кылган. Онтарионун Жогорку соту Белоконьдун доо арызынын негизинде Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы 20,5 миллион долларлык 6,5 миллион акциясын камакка алып, июнь айында ошол эле сот акция пакетин камактан бошоткон.
Булак: sputnik.kg