Бакиевдин доорунда мамлекеттик чоң кызматтарды аркалап, кыялында кийинки шайлоолордо президент болом деп, эйфориядан чыга албай жүргөн Адахан Мадумаров деген бирөө бар. Эми анын Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы ачыктан ачык жасаган иштерин мындан мурунку статьяларымда тизмектеп берген элем. Барган сайын бул кишинин кылган кылыктары биз үчүн адам чыдагыс болуп жатат. Керек болсо Мадумаров мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирип жатат десем жаңылышпайм. Жерлерди, стратегиялык маанилүү обьктилерди коңшу мамлекеттерге өткөрүп берүүгө жигердүү салымын кошкондугу аз келгенсип, саясатта жаш муундарды регионализмдин, трайбализмдин, шовинизмдин, расизмдин уусуна суугарып тарбиялап жаткандыгы өтө кооптондурат. Бул киши азезилдей сак, эгерде өзүнө карата УКМК де ИИМ тарабынан бир кадам ташталса регион аралык, улут аралык жаңжалды баштоодон да кайра тартпоочудай. Мунун жолун жолдоочу берилген фанаттары да жок эмес. Орозайым Нарматованын мисалында айтсак болот андай жаштарды.
Жаш, келечекте саясаттанбы же башка жагынанбы чыга турган муундарды жолдон адаштырып өзүнүн сазына тыгып жатат.
Кыргыз мамлекетинин бардык иш аракетин жокко чыгарып, ушу да мамлекетпи деп, алтургай гимн ойнолуп, президент баш болуп колун көкүрөгүнө коюп турган жерде керкейип, мен силердин душманыңармын дегенсип элди аралап басып кетишинин өзү эмнени каңкуулайт?! Бул кишини коомдон изоляциялабаса болбойт. Ансыз да жооп берчү иштери чачтан көп Адахан Кимсонбоевичтин. Социалдык тармактарды көбүртүп жабыртып, элдин нааразычылыгы күчөгөн сыяктуу көрсөтүп жаткандар албетте анын жолун жолдоочулар. Улуттук коопсуздук кызматы мындай кишини көз жаздымда калтырбайт го деген үмүттөбүз.

Сайракан Салиева