Кумарканага акча алуу максатында күйөөсүнө «мени барымтага алды» деп билдирүү кылган
29-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКумар оюнуна акча алыш үчүн аял өзүн барымтага алды деп күйөөсүн алдап акчасынын жарымын коротуп салган. Бул тууралуу Daily Mirror жазып чыкты.
Маалыматта, 47-жаштагы испандык аял бинго оюнуна акча коротуунун жолун ойлоп, акыры ооруканада жаткан күйөөсүнө башка телефондон смс жиберген. Анда “аялын биздин колдо 4 000 евро берсен тирүү көрөсүн”-деп жазган. Ооруканадан чыга албасына көзү жеткен күйөөсү полиция кызматкерлеринен чалып аялын бирөөлөр барымтага алганын билдирген. Полиция кызматкерлери көп өтпөй барымтага алында деген аялды Бадало аттуу кумар оюнканасында ойноп отурган жеринен табышкан. Аялды эч ким барымтага албай эле күйөөсүнүн жыйнаган акчасын кумар оюунуна которуп жаткан. Колго түшкөн учурунда 2000 еврону уттуруп ийгени маалым болгон.