Күйөөм жүрөнөөк адам, кайненемдин жакшы мамилесинен улам жашап келем. Ал киши мен бүлө болуп келгенде эле «Балам биз экөөбүз уулумдун далай кылыктарын көрөбүз, баарын биргеликте жеңип чыгышыбыз керек. Дайыма өзүнө тыкан болуп, келбетинди карап жүр»-деген. Көрсө ошондо эле ушул жолдорду кантип басып чыга турганыбызды айткан экен. Далай кыздар менен бет келдим, далайы мени шылдыңдап күйөөм койнунда жатканын айтышты. Бирок аларды да жеңдим. Эки жылдан бери күйөөм өзү менен чогуу иштеген келин менен жүрөт. Анын күйөөсү эки баласы бар.  Өткөндө келинге эскертсем «күйөөмө сен тийип ал ооба мен күйөөн менен ойноп жүрөм»-деп вотцаптан жооп кайтарды. Күйөөсүнүн номерин таап келиндин жазгандарын жөнөтүп ийгем. Ал болсо ооба шекшип жүргөм, бирок төшөктөн кармап албагандан кийин деп унчукпай келгем-дейт. Ойлогом, ушул каттан кийин келин жумуштан кетип күйөөм менен болгон мамилесин токтотот деп бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Куйөөсу аялы башка эркек менен жаздыкташ болуп жүргөнүн билип туруп унчукпай жашап жатат. Ушундай да аялына өйдө карай албаган эркектер болот экен да.