Камчыбек Ташиев отставкага кетеби?
24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖурналист Болот Темировдун жана төкмө акын Болотбек Назаровдун кармалышын коомчулук жана бир катар журналисттер «куугунтук» катары кабыл алышты. Мындан улам интернет айдыңында Камчыбек Ташиевдин отставкага кетишин талап кылгандар көбөйдү. Азырынча ал отставкага кетер, кетпесин айткан жок.
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берип, анын сайтындагы иликтөө калп экенин айткан.
Аны менен катар ал кантип жана эмне себептен кармалгандыгы тууралуу маалымат берди.
«Болот Темировдун кеңсесинде наркотикалык заттар таратылууда деп арыз жазылган. Анын жанындагылар кармалып, канында баңгизат бар экени аныкталды. Жакшы жери журналист Болот Темировдун канында эч кандай мыйзамсыз заттар табылган жок. Бул анын жазасын жеңилдетет,» — деген.
Кыстара кетсек, кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип, кармап кетишкен.
Буга чейин Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот?», «Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген аталышта иликтөө жарыялаган. Учурда бул иликтөө коомчулукта катуу талкууга алынууда.