Коом

Гүлгө оронгон мектеп

Мектеп директору Жолдошбек Акимжановдун иш билги, мыкты жетекчилигинин жана мектеп коллективинин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, быйыл мектеп гүлзарга айланды.
 
Токтогул районунун Толук айылындагы М.Бекболотов атындагы мектеп,  быйылкы окуу жылында  өз эмгек жамаатын жана окуучуларын миңдеген бажырайган роза гүлдөрү менен тосуп алды. Мектепти курчаган бул гүлдөр  окуучуларга жана мугалимдерге жакшы маанай тартуулары бышык кеп эмеспи.
Бул эле эмес, быйылкы жазда мектептин алма багын кеңейтүү жана жашылдандыруу максатында 150 түп корлик алма көчөтү олтургузулган.
 
Мектептин өздүк чарбасында 55 кой,  10 баш уй жана  1 минги ат бар. Буларга кышкы тоют кенен камдалып жылда жакшы каралып, багылып келет. Өздүк чарбадагы бул кой-уйларды мектептин керегине жаратуу, кем- карчыны толуктоо, көрктөндүрүү, өнүктүрүү максатында колдонуп келишет. Мисалы: кышында эле мектептин коопсуздугу үчүн 32 видео көзөмөл орнотулду. Бул 32 видео көзөмөлдү чарбадагы жандыктардын акчасына алынып келинди.
Кээ бир  мектептердей болуп  мамлекеттин бөлүп берген акчасын карап отурбай, булар өздөрүнүн ресурстарын колдонуп алкышка татыктууу иштерди аткарып келишет.
Мектепке көрк берип адамды суктанткан бул гүлдөрдү отургузуп жана өстүргөн мектептин эмгек жамаатына  ата-энелер, окуучулар жана ошондой эле айыл тургундары абдан ыраазы болуп, жетекчи ушундай болсо дешет.
   
Булак: ARGUMENT.KG

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *