БАЯМАНДЫН 50-ЖАЗЫ…

БАЯМАНДЫН 50-ЖАЗЫ…

11-чын куран, 2017-ж // //

2003-жылы кышында айтылуу Баяман Эркинбаевге бир жагы жакын аке, бир жагы устат болуп келген, кезинде Фергана, Ош жеринде далысы жерге тийбес балбан аталышкан Малик Осмонов менен Анвар Кадыров, ал кездеги ЖК депутаты Баяман балбан өзү болуп, ондон ашык жаш балбандары менен самолетто бараттык. Самолет Тегеранга конмок. Алар чогулган жерде шумдуктай тамашалар болот экен, учактын ортосуна топтолуп алып өзгөчө Малик аке айткан азилдерге ха-халап учак жаңыртып күлөбүз. Балбандар бири-биринин кебине, кебете-кешпирине асылып, тамаша салып күлүшөт. Бат эле алардын чөйрөсүнө көнө түшкөн жаным, алдымда отурган, башын тысырайта устара менен кырдырып алган тренер байкени артынан билгизбей жалтыраган башын сүрөткө тартып алдым да, Баяман акеге көргөзсөм, аны карап алып тимеле жыргап, тизесин чаап күлгөн эле. Анан жанындагы жардамчысы Саидге карап: “Бишкекке барганда так ушундай фотоаппарат алалычы, эстетип койчу” деген эле. Аңгыча жол кыскартып, Малик аке менен Анвар акенин ортосуна отуруп алып кененирээк маалымат сурап кирем. “Алышса адамдын алы жетпеген, Арстандын тиши өтпөгөн, Акбалтанын эр Чубак…” деп айтылат эмеспи “Манаста”, Алыш деген сөздү ошондон алдык” дешти алар. “Экөөбүз мурдатан эле жалпы мусулман элдеринин күрөшүн бир күрөшкө бириктирүү боюнча кыялданып, ойлоп жүрөт элек. 1999-жылдары ал оюбузду Баяманга айтсак, жерге койбой колдоп кетти да, артынан түшүп аракет кылып атып, минтип дүңгүрөтүп ишке ашырып салды. “Алыштын” бактысына Баямандын күрөштү сүйгөн адам болуп калганын айт, болбосо, башка адам аны түшүнмөк эмес, колунан да келбейт эле” дешти. Баяман Малик балбандын алдына 13 жаш курагында келген экен. Бат эле көзүнө илинген шакиртин сынамакка бир күнү өзүнөн эки эсе келген Шерали деген балага күрөшкө салып жиберет. Баяман илбирстей секирип атып, акыры аны көтөрүп урат. Ошо күндөн баштап Малик аке экөөнүн күрөштөгү тагдыры биригет. Кийин “Бишкекке окуу жайга барам” десе, “сен Бишкекке барсаң күрөшүң өлөт, андан көрө күрөштүн мекени Ташкенге бар” деп, Ташкенге көндүрөт. Айткандай эле ал жакта жалаң өзбек, тажиктин мен деген үлкөн күрөштөрүндө жүрүп, Ташкендеги айыл чарба институтун күрөштөгү даңазасы менен эле бүтүп алганын айтышат.
Ошентип, 1995-жыл жакындайт. Эмне дегенде бизнеси Кудайга шүгүр, спорттогу жылдызы чолпондой жанып турат, эми эмне керек эле? Эми чоң саясатты татып көрүш темасы чыгат. Дал ошол жылы Сузакта чоң күрөш өтүп, Баямандын эли чогулат да, “Баяман, сага бу жолу оңой эмес балбанды ырым кылып алып келдик, жеңсең батабызды беребиз, даңгырап жолуң ачылат!” деп Өзбекстандан келген, салмагы 150 кил баскан бука моюн “Аюу” деген балбанды каршы коюшат. “Эмне, Баямандын өзгөчө бир ыкмалары бар беле?” дейм, устаты Маликтен. “Ээ, кысталак баланын бир башкача сезгичтиги бар эле да… Каршылашынын кенедей кыймылын кетирбей байкап, анан көздөрү чырактай жанып кетчү… анан барып басып калчу…”, ошентип “Аюу” балбандын ары жак, бери жагына чыгып отуруп, акыры жамбашка салып жерге чабат. Эл “дуу” деп көтөрүп кетет. Ошентип биринчи ирет депутат болот. Ошол күрөш Эркинбаев Баямандын күрөштөгү акыркы, саясаттагы биринчи кадамы болгон.
Бир кезде терезеден карасам 14 миллиондуу Тегерандын үстүнө келип калыппыз… Эмгиче унутпайм. Ал жердегилер Баяман Эркинбаевди өлкөнүн президентин тосуп алгандай эле тосуп алышкан. Гүлдөр, узун-узун машиналар… Баса, ошондо кийин аты катуу чыккан Алманбет Анапияев да кошо жардамчы катары жүргөн эле…
2003-жыл. Ал кезде өлкөдө айрым окуялар башбаккан менен али саясый кырдаал тынч болчу. Бийликке сес кылгандар болгон менен Акүй али кадырлуу, бийлик күчтүү, президент абройлуу эле. Арадан эки жыл өтүп, 2005-жылдын марты келди. Саясый кырдаал күчөп, Акаев бийлигине реалдуу коркунучтар жаралып турду. Ошол маалда Баяман Эркинбаев оппозицияга өттү. Эмне үчүн? Болбосо ал ошол кезде ЖКнын эки жолку чакырылышынын депутаты эле, “Алыштын” араанын созуп аткан, өзгөчө түштүктөгү бизнеси гүлдөп турган, саясый аренадабы, эл ичиндеби кадыры асман чапчыйт эле. Акаев бийлигинен эч кандай ыдык көрбөгөн, кийин жубайы “Акаев сага акжолтой президент болбоду беле!” деп чыркырап, аны токтотконго аракет кылмакчы, төгөрөгү төп келип, өлкөсүнүн эркин кушу, патриот уулу болуп жүргөн. Мен билгенден аны оппозицияга үч нерсе түрттү. Биринчиси: өзүнүн бир тууган кайын тагасы болгон Дүйшөн Чотонов баш болгон жана Бекназаров, Отунбаева, Артыковдор улам ага келип, акыбалды сүрөттөп, жардам сурап, ошол эле далысынан таптаган Бакиев Бишкектен “давайлап”, жакын адамдарынын назары дегендей, акыры ошол жээкти тандаган. Баарылап ага жабылгандарынын себеби, анткени түштүктө аты аталгандардын биринин да Баяманчалык таасири, кадыр-баркы, анан да кудурети болгон эмес. Экинчиси: жалпы түштүктүк лидерлер үндөшпөй жонунан сезишкен бир туюм, эзелки бир көксөө – ал өлкөдөгү хандыкты алуу миссиясы. Мына ошол бар эле… ага минтип тарыхый кел-кел көрүнгөнсүп турганы. “Сен болосуң” деп биринин аты аталбаса да ал миссия чыңалып, максат болуп калкып турган. Үчүнчүсү: түштүктөгү элге акаевдик күч органдарынын дал ошол кездердеги аёосуз күч колдонуп жибериши, салгылашты карап тура албаган балбан Баяман ага чыдай алган эмес. Ошону менен ал баш-оту менен күрөшкө кирет. Киргенде да жандүйнөсүн да, чөнтөк дүйнөсүн да төшөп, түштүктө туу болуп сайыла алган. Бирок тагдырдын калчанганын карабайсыңбы, ал Акаевди түштүктөн кол жуудуруп, бийлик белин мертинтип “мына!” деп санаалаштарына ак ниет отчётун даярдап, Ошто турса, капыстан 24-март болот. Акүй болсо Бишкекте. Бактылуулар барып отуруп калат. Ошону менен ага Акүй Акаевдикинен да алыс, чоочун болуп, ага кириш кыйынга айланат. Андан кийинки тагдыры жалпы элге маалым: ал Акаевге каршы эмей эле өзүнө каршы революция жасаганын түшүнөт. Бирок, түштүк эли али да болсо Баяманды мына ак кийизге ороп көтөрүп алчудай болуп колдоп турган. Анан да жаңы келген бийликтин оголе көп сыры ага маалым болчу. Айтор, көктөн издеген бакыт жерден табылып турган кезде аларга Баяман өтө эле ашыкча фигура эле… Ошону менен анын тагдырына 2005-жылдын 21-сентябры жазылат…
Баяман Эркинбаев тирүү болгондо ушул жазда 50 жашка толмок экен. Демейде саясатчы же башкасын эмгеги сиңген деп, кадырлуу деп, көп иш кылган деп мактайбыз, бирок эл жөн гана сүйгөн, караан туткан, бел, күч туткан, бүгүнкүмө, азыркыма, эртеңкиме керек эле деп жер муштаткан да каармандары болот. Ошол өзгөчө угулат. Кыргыздын ошол карааны, ошол каарманы Баяман болчу. Ал бизге керек эле!
Жеңишбек ЭДИГЕЕВ
Булак: Азия Ньюс