Арийне, дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Байлык жыйнап, титиреткен бийлиги болгон адамдарың деле көзү өткөн соң эки метр жерге ээ болуп жатып калат.
Бирок ошого карабастан айрым бир атка минерлерибиз эл ырыскысын ичип жеп, чачып, тобой жатышпайбы?! Алардын катары Кыргызстанда аябай узун.
Анда эмесе сап башында Атамбаев болсун, мунун уулдары, жубайы, кызы баары эле бай, ишкер имиш. А акчаны кайдан алышкан?! Албетте мамлекеттики. Андан соң Отунбаева, мунун да урук тукуму бай. Өзүнүн Лондондо вилласы бар. Текебаевдин балдары чет мамлекеттен окуп, аялы бизнестин жаагын жарып дегеле болушпайт. Өмүрбек Чиркешовичтин көмүскө байлыктары, бизнестери, атүгүл матрёшка гейт деп кутулуп кеткен наркобизнес жолу да миф эмес чындык экендиги бүгүнкү күндө көбүнө маалым. Андан бери келсек Мадумаров деген алчы таасын жеген куу түлкү бар. Анын баскан жерине чөп чыкпайт. Же мигранттарды алдап акчаны көп топтоп алганбы, же баягы спикер болуп турганла саткан жерлердин акчасы түгөнө элекпи, айтор он беш жылдан бери иштебесе да жашоосу мыктай, джип минет. Деги койчу, буларды эсептесең убактың да, эсебиң да жетпейт.
Демократия, адилеттүүлүк, калыстык деп өзөлөнө безилдеп кыйкырган саясатчыларыбыздын кебетеси бул. А беркилерин го айтпаса да түшүнүктүү. Алды ири кендерди, мамлекеттик кызматтарды ээлесе, арты бизнестерди, кара дүйнөнү ээлеген.
Анан кантип Кыргызстан оңолот?!
Менинче Кыргыз Республикасынын УКМКнын алдында дагы көп иштер турат.

Асылкан Маткеримов