АТАМБАЕВ: “ЧУБАК АЖЫ МЕНИ ШЫБАГАН”

АТАМБАЕВ: “ЧУБАК АЖЫ МЕНИ ШЫБАГАН”

24-теке, 2017-ж // //

Бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында берип жаткан маалымат жыйынында Президент Алмазбек Атамбаев Чубак ажы Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу Кыргызстандын көз карашын билдирбей турганын айтты.
Айтымында, Чубак ажы жаран катары бардык адамдар менен жолугушууга укуктуу.

“Чубак ажы муфтийликке талапкерлигин көрсөтүп жатканда “бул бийликтен жаман бийлик жок” деп мени шыбаган. Жолугушууга аны мен жиберген жокмун. Биз эркин өлкөбүз. Чубак ажы жолугушууга бийликтин өкүлү катары барган жок”,-деди ажо.

Ошондой эле Атамбаев Фетхуллах Гүленди тааныбай турганын кошумчалады.

“Бул маселе боюнча эч нерсе деп айта албайм. Ал киши (Чубак ажы Жалилов-ред.) Гүлен мененби, Эрдoган мененби же башка менен жолугабы өз эрки. Чубак ажы мени деле кээде шыбап, кээде мактап калат”,-деди Атамбаев.

Булак: Каганат