Аспеков: “Байкем кармалганда 50 миң эмес, 5 миң доллар алынган”

Аспеков: “Байкем кармалганда 50 миң эмес, 5 миң доллар алынган”

19-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бул тууралуу бүгүн активист  Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева маалымат жыйынында билдирди

“Биздин үй Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында жайгашкандыктан, ал жумуштары боюнча Бишкекте жашап жаткан. Байкем кармалгандагы батир өзүнө тиешелүү эмес. Аны эки айга ижарага алган. Бизде келишимдер турат, аны көрсөңүздөр болот. Ал кармалганда 5 миң доллар алынган. 50 миң доллар деген сөздөр калп. Анан анын ноутбугу жана телефону алынган. Мен укук коргоо органдарына кайрылып кетет элем, агам кармалгандан кийин анын социалдык тармактагы баракчасын өзгөртүп, ар кандай сөгүнгөн сөздөр жазылууда. Биз бул боюнча өтүнүч келтиргенбиз. Бул саясий буйрук деп ойлойм”, – дейт Азамат Аспеков.