Анжелика: “Кыздарым ойгонду, баары жанымда. Бизге эми 2 айга чейин басканга болбойт”
04-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Анжелика учурда өзүнүн жана кыздарынын абалы тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазып чыкты.
“Кутман таң! Ар бир таң Кудайбын баа жеткис чоң белеги! Кыздарым ойгонду, баары жанымда. Болгону бизге эми 2 айга чейин басканга болбойт. Айымамды операцияга даярдап башташты. Эртең жума күнү операциясы болот. Жума намазга барсаңыз же үйдөн дуба кылып коюңуздар”,-деп жазды ал.
Эске салсак, ырчы жол кырсыгынан улам кыздары менен чогуу жаракат алып, ооруканага түшкөн.
