Кайын энем менин тамагымды төгүп, кошуна келиндикин мактап жеп жатыптыр
28-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева«Апа бул эмне кылганыңыз?» Экөө мени колу менен көрсөтүп каткырышты. Мен байкуш унчукпай шыпыргыга жөнөдүм. Төгүлүп жаткан тамакты чогултуп жатсам, кайын энем жаңы эле жасаган нанымды сындырып итке ыргытты. Бакырсам үнүм чыкпайт. Чуркап барып
колунан нанды жулуп алдым. Эч нерсе болбогондой үйгө кирип кетти. Кайдан-жайдан кошуна апанын келини дагы пайда болду. «Эй сен каякка?» десем, мени акшыя карап, үйүбүзгө кирип кетти. Ачуум менен артынан кирсем, кайын энем аны эркелетип, бетинен өөп жатыптыр. «Сен сонун келинсиң. Балам сени алса болмок. Тамактарың дагы даамдуу. Кайын энеңе «повезло» ай!»
Кечээ эле мантымды мактап жеген кайын энеме болгон дедим. Бир нерсе деп сүйлөсөм үнүм чыкпайт. Кайын энем болсо жолдо турган мени түртүп, бөлмөмө кирди. Тиги кошуна келинге көйнөктөрүмдү бере баштады. Келиндин колунан жулуп алсам, башкасын берет. Ыйлап
сыртка чыгып кеттим. Күйөөм келди. Аябай арыздандым. «Алардыбы» деп үйгө кирген боюнча жок. Артынан барсам, үчөө чай ичип отуруптур. Мени колдору менен көрсөтүп күлүштү. Кайын энем «бул тамакты ыргытып салалы» деп, мен жасаган шорпону төгүп, кошуна келиндин оромосун мактап жеп жатат. Ызаланып күйөөмөн бир нерсе дешин сурансам, ал даамдуу экенин айтып жей берди. Оромо салынып турган тарелканы алдым дагы жерге сындыра чаптым. Тарс!
Чочуп турдум. Денемди тер басып, титиреп калыпмын. Көрсө, балам ойноп жүргөн шарын жарып алыптыр. Тиги бөлмөдөн кайын энем чуркап келип, «ай, апаң эс алсын дебедим беле» деп сүйлөнө баштады. Мени карап, «турдуңбу берекем, жүр оромо жасап койдум, жеп алалы»
десе болобу. Терең дем алдым, анан каткырдым. Алтындай болгон кайын энеме эмне болду экен десем, жаман түш турбайбы. Үч жолу эмес, жүз жолу түкүрдүм дагы, ашкананы көздөй жөнөдүм. Үйдүн баары оромо жыттанып калыптыр.