Аял 9-кабаттан үч наристесин ыргытып, андан кийин өзү секирди
23-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваАлматыда үч балалуу эне балдары менен бирге 9-кабаттын терезесинен секирип кетти. Окуянын кесепетинен төртөө тең каза болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
«Бул факт Жетисуу кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 28 жаштагы аял 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган үч кичинекей баласы менен 9-кабаттын терезесинен секирип кеткен. Аял эки баласы менен окуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир баласы тез жардам унаасында кайтыш болду», — деп айтылат ШИИБдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Милиция «Өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси боюнча иликтөө башталганын маалымдады. ИИМ, ошондой эле, кырсыктын себептерин жана жагдайларын иликтөө үчүн тергөө-ыкчам тобу түзүлгөнүн билдирди.